Бишкекте эт комбинаты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, бүгүн, 9-августка караган түнү Бишкектеги Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинатынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53төн баштап жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана куткаруучулар тартылды. Ошондой эле жерине ИИМ кызматкерлери жана "Тазалык" ишканасынан 4 суу ташуучу унаа тартылган. Кошумча маалымат берилет.
Министрликтин маалымат кызматы буга чейин "ун завод күйүп жатат" деп билдирүү тараткан болчу.