Ысык-Көлдө көкүрөк тушуна ок тийген эркек кишинин жансыз денеси табылды

Ысык-Көл районунда көкүрөк тушуна ок тийген эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 9-августта облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Анын айтымында, 8-август күнү саат 23:30 чамасында Тамчы айылына жакын жердеги тоодон болжолдуу түрдө 45-50 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылган. Аты-жөнү белгисиз болууда.

"Ал адам көкүрөк тушуна мылтыктын огу тийип каза болгон экен. Жанынан бир мылтык, тамак-аш, кийим салынган баштык жана эки ат табылды. Бирине ээр токум токулуу экен. Азырынча факты өзүн-өзү өлтүрүү катары катталып жатат. Соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында маркумдун аты-жөнү жана башка жагдайлар белгилүү болот", - деди Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz_eli
2018-08-09 15:05:33
Мылтык менен кантип озун озу тошко атсын. Ал учун колун аябай узун болуш керек. 2 ат болсо анда жанында бироо бар экен да. Ээрин чечип кетти да
+2
Kalemkash
2018-08-10 00:49:04
Kyrgyz_eli,ошо да. Аны экспертизада откорбой туруп экообуз деле билип коюп атабыз. Ушуларга тан калам да, откондо Бостериден 1казак олсо эртеси экспертиза даяр болду а булардыкы 1айда билинет. Ошондо эл конуп калган болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан