Жайыл райондук сотунда мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Жайыл райондук сотунда бир катар мыйзамсыз иштерге карата соттун чечими жасалмаланган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын бүгүн, 9-августта SUPER.KGʹге билдиришинче, аталган райондук сотто 2012-жылдан 2015-жылга чейин бир катар иштер каралып, сот тарабынан чечимдер кабыл алынганы менен, алар каттоодон өтпөгөнү аныкталган.

“Каржы полициясынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, Жайыл райондук соту мүлккө ээлик кылуу, колдонуунун юридикалык фактысын аныктоо маселелери боюнча жана сатып алуу-сатуу келишимин туура деп табуу жөнүндө чечимди кабыл алгандыгын аныкташкан. Бирок жогоруда аталган бардык иштер райондук соттун каттоосунан өткөн эмес, статистикалык карточкалар ачылган эмес. Ошондой эле жарандык иштерди каттоо журналына катталган эмес. Ошондуктан айрым адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жогоруда аталган соттун чечими жасалмаланган, алар расмий документ болуп саналып, юридикалык күчкө ээ болгон”, - деп билдирди Каржы полициясы.

Бул факт боюнча Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин (жасалма документтер) негизинде кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан