Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу дарбазачы Тибо Куртуаны сатып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бельгия улуттук курамасынын дарбазачысы 9-августта медициналык кароодон өтүп, "Сантьяго Бернабеу" стадионунда күйөрмандарга көрсөтүлөт. "Реал Мадрид" 26 жаштагы Куртуаны 35 миллион еврого сатып алып, 6 жылга келишим түздү.
Тибо Куртуа "Челси" футболдук клубуна 2011-жылы өткөн, бирок 3 жыл "Атлетико" клубунда ижарада ойногон. 2014-жылы "Челси" клубунун негизги дарбазачысы болуп, азыркы маалга чейин 2 жолу Англия чемпиондугун, 1 жолу Англия кубогун жана 1 жолу Англия лигасынын кубогун жеңип алган.