Бишкектеги эт комбинатынан чыккан өрт толук өчө элек

Бишкектеги эт комбинатынан чыккан өрт толук өчүрүлүп бүтө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Эт комбинаттан чыккан өрт чектөөгө алынган. Учурда толугу менен өчүрүү аракети көрүлүп жатат. Тилсиз жоонун кесепетинен жабыркагандар жок", - деди маалымат катчы.

Айта кетсек, Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу эт комбинатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМга 9-август күнү саат 4:53тө келип түшүп, айтылган дарекке 5 өрт өчүрүү тобу тартылган. Имараттын ичи эт сакталган жай болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан