Бишкектеги эт комбинатынан чыккан өрт чектөөгө алынды, бирок иш-аракеттер толук аягына чыга элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Эт комбинаттан чыккан өрт чектөөгө алынган. Учурда толугу менен өчүрүү аракети көрүлүп жатат. Тилсиз жоонун кесепетинен жабыркагандар жок. Өрт чыккан аянт чоң болгону үчүн кеч киргенде от жалындагандай көрүнүүдө. Учурда биздин 2 топ жеринде иш алып барууда", - деди ӨКМдан.
Айта кетсек, Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу эт комбинатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМга 9-август күнү саат 4:53тө келип түшүп, айтылган дарекке 5 өрт өчүрүү тобу тартылган. Имараттын ичи эт сакталган жай болгон.