Араван районунда иштебеген адамга айлык жазып, акчаны өзүнө алып тургандарга кылмыш иши козголду

Ош облустук прокуратурасы тарабынан "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамын бузуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Араван райондук Кадр жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо департаментинин жооптуу кызматкерлери 2015-2018-жылдар аралыгында иштебеген адам үчүн мыйзамсыз айлык акы жазып турушкан. Жыйынтыгында мамлекетке 644 миң 167 сом зыян келтирилген.

Андан тышкары аталган райондогу мамлекеттик каттоо кызматынын башкармалыгы жана Анаров айыл өкмөтүндөгү жооптуу кызматкерлер Кайрагач-Арык айылындагы жер тилкеси убактылуу ижарага берилгенине карабай аны менчикке өткөрүп жиберишкен. Жогорудагы фактылар боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
derzkiy
2018-08-10 12:23:49
aravan aman ele bolgula
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан