Бүгүн, 10-августта Венгрияда өтүп жаткан дзюдо боюнча эл аралык Гран-При мелдеши старт алат. Анда Кыргыз спортчусу да катышууда.
Аталган мелдеш 10-12-август аралыгында Венгриянын Будапешт шаарында өтүп, ага 90 өлкөдөн 626 спортчу катышат. Кыргыз Республикасынан бул мелдешке Фарух Булеркулов катышат. Ал 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Анын алгачкы атаандашы грузиялык Георгий Папунашвили болот.
Фарух Булеркулов бул мелдештен соң 18-август-2-сентябрь аралыгында Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүүчү Жайкы Азия оюндарына катышат.