Футбол боюнча жаштар арасындагы Кыргыз курама командасы Казакстандын президентинин кубогуна арналган мелдешке катышат

Футбол боюнча жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы Казакстанда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Казакстандын президентинин кубогуна арналган мелдеш Алматы облусунун Талгар шаарында 23-29-август аралыгында өтөт. Ага жалпы 6 команда катышып, 2 тайпага бөлүнүштү. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курамасы Казакстан U-17 жана Азербайжан U-17 командаларына туш келди.

Азыркы тапта Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Мурат Жумакеев окуу-машыгуу жыйындарга 26 оюнчуну чакырган. Жыйындар 10-21-август аралыгында өтүп, анын жүрүшүндө "Дордой-2" жана "Илбирс-2" командалары менен жолдоштук беттештер пландалган.

Тайпалардын тизмеси:

  • "А" тайпасы:
    • Казакстан (U-16);
    • Тажикстан (U-17);
    • Краснодар академиясы.
  • "В" тайпасы:
    • Казакстан (U-17);
    • Кыргыз өлкөсү (U-16);
    • Азербайжан (U-17).

"В" тайпасынын беттештеринин тизмеси:

24-август, 18:00: Казакстан (U-17) – Кыргыз өлкөсү (U-16);

25-август, 18:00: Кыргыз өлкөсү (U-16) – Азербайжан (U-17);

26-август, 18:00: Азербайжан (U-17) – Казакстан (U-17);

28-август, 11:00: 5-6-орун үчүн беттештер;

17:00: 3-4-орун үчүн беттештер;

19:00 финал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан