Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө эс-учу жок жаткан бала каза болду

Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө эс-учу жок абалда жаткан бала каза болду. Бул маалыматты аталган госпиталдан тастыкташты.

Азыркы тапта жаран эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында денеси өлүк сактоочу жайга өткөрүп берилген. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал уулануудан улам комага түшүп калган.

Буга чейин, "Тез жардам" кызматынын унаасы менен 8-август күнү Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө болжолдуу түрдө 20-22 жаштагы азиат түспөлүндөгү бала эс-учу жок абалда келип түшкөн. Анын аты-жөнү белгисиз болгондуктан, сүрөтү интернетке жарыяланып, жакындары изделип жаткан.

Көп өтпөй бир адам байланышка чыгып, сүрөттөгү бала иниси экенин айтып телефонду өчүрүп койгонун Улуттук госпиталдан кабарлашкан.

Айрым маалымат каражаттары бала акыркы жылдары үйүнөн чыгып кетип, көчөдө жашап жүргөнүн жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан