Аргентиналык футболчу, "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси аталган клубдун капитаны болду. Бул тууралуу маалымат клубдун расмий сайтына жайгаштырылды.
Каталондук "Барселонанын" капитаны болуп буга чейин испаниялык футболчу Андрес Иньеста ойноп келген. Ал ушул жылдын май айында аталган клубдан япониялык "Виссел Кобе" клубуна өткөн.
Ал эми вице-капитан болуп клубдун жарым коргоочусу Серхио Бускетс дайындалды. Капитандын андан кийинки орун басарынын милдетин клубдун коргоочусу Жерар Пике аткармай болду.
Месси - 5 жолку "Алтын топ" ээси. "Барселона" клубунда ойноп 8 жолу Испания чемпиону аталган. Ошондой эле 4 ирет Чемпиондор Лигасын утуп алган.