Кыргыз комузчулары менен бийчилери Европадагы фестивалдарга катышууда

Кыргыз комузчулары менен бийчилери Венгриянын Дьендьеш шаарында өтүп жаткан фольклордук-искусство фестивалына катышып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн делегациясын жетектеп барган Мира Токтогонова айтып берди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара 18-жолу өтүп жатат.

"Бул фестивалга Испания, Италия, Чехия сыяктуу дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен катышуучулар келчү. Быйыл болсо экзотикалык өлкөлөрдөн да катышуучулар бар. Биздин республикабыз болсо биринчи жолу катышууда. Делегациябыз менен 22 адам алып келгенбиз. Алар Бишкектеги Пётр Шубин атындагы музыкалык мектептин комузчулары жана "Умай" бий ансамбли. Комузчулардын жетекчиси Марина Айдаралиева, бийчилердин жетекчиси Нурзада Мелисова. 10-августта биздин балдар атайын концерт коюшуп, катышуучуларга кымыз, боорсок таратышты. Бул фестиваль 13-августка чейин өтөт. Кийин делегациябыз Чехияга дагы башка фестивалга катышуу үчүн жол тартат", - деди делегациянын жетекчиси.

Кыргыздар Венгриядагы фестивалда
Кыргыздар Венгриядагы фестивалда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhaku2017
2018-08-11 19:11:18
Эн азаматсынар кыргыз кыздары. Кыргыздын элин, жерин даназалаган адамдар кимдер? Булар искуство адамдары. Ушинтип спорт, искуство аркылуу озубузду озубуз тарбиялап, оз атыбызды чыгаралык.
0
zhaku2017
2018-08-11 19:20:56
Адамдардын ички дуйносунун онугуп осушуно искуствонун (музыка, бий, спорт ж.б) тийгизген таасири чон экенин тарых далилдеген. Европа олколору бугункудой онуконунун бир себеби искуствону бийик денгелге которушкон. Европа Искуство аркылуу толерантуулука жетишкен. Онорлуу искуство улан - кыздарды ар дайым колдойлуу. Ушулар аркылуу биз дуйного таанылабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан