"Мен кубанычтамын жана бактылуумун. "Ювентус" - улуу клуб" деген пикирин Криштиану Роналду Juventus TV телеканалына айтканын чет элдик басылмалар жазышууда. Ал өзүнүн аталган командага өткөндөгү сезимдери жөнүндө маек берген.
Роналду "Ювентус" клубуна өтүү ниети жаштыгынан бери эле болуп келгенин жашырган эмес.
"Мен өзүмдү аябай жакшы сезип жатам. Баары сонун. Адамдар, фанаттар, машыктыруучулук штаб мага жакшы мамиледе. Мен кубанычтамын жана бактылуумун. "Ювентус" - улуу клуб. Бала кезимден бери эле аталган клубду көрүп, кайсы бир учурда ал үчүн ойносом деп ниеттенчүмүн. Эми мен дүйнөнүн мыкты клубдарынын биринде ойнойм.
"Мен "Ювентуска" каршы көп жолу оюн өткөргөм. Ошол учурларда мени италиялык колдоочулар жакшы көрөрүн сезчүмүн. Азыр менин негизги тапшырмам - эң мыкты оюн көрсөтүп, командага жардам берүү. Бул менин ишим", - деп айткан Роналду.
Криштиану Роналду ушул жылдын июль айында испаниялык "Реал Мадрид" клубунан италиялык "Ювентуска" өткөн. Бул трансфер 112 миллион еврого бааланган. Ошондой эле Роналду жылына 30 миллион евро маяна алып турмакчы.