Испаниялык футболчу Жерар Пике улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктады

Испаниялык футболчу Жерар Пике улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу ал өзү маалымат жыйында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал Испания курамасында коргоочулук милдетти аткарып келген.

"Мен Испания курама командасынын башкы машыктыруучусу Луис Энрикеге бул чечимим жөнүндө айттым. Бул менин ойлонуп туруп жасаган кадамым. Улуттук курамада ойногон учурларым мен үчүн мыкты баскыч катары эсте калды. Биз дүйнө жана Европа чемпиондугун уттук. Эми мен "Барселона" клубунун оюндарына катуу көңүл бурам", - деп айткан 31 жаштагы футбол жылдызы.

Ал аталган командадагы акыркы оюндарын быйыл Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда өткөрдү. Курамадан кетүү ниетин Пике 2016-жылы эле билдирген болчу.

Пике Испания курама командасында 2009-жылдан бери ойноп келген. Анын курамында 102 беттеш өткөрүп, 5 голдун ээси болгон. Бул курама менен 2010-жылы Дүйнө чемпиондугун жана 2012-жылы Европа чемпиондугун багындырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aksuu_aduk
2018-08-12 15:27:16
Тируу легенда
+3
Kgda
2018-08-12 18:05:30
ХХХХ ойной берсе болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан