Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алды

11-август күнү саат 14:40тар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган К.Э. аттуу жаран өзүнүн Honda-CR V үлгүсүндөгү унаасын башкара албай карама-каршы тилкеге чыгып, 1977-жылы туулган Ж.С. аттуу жарандын Honda StepWGN унаасын сүзгөн. Бул учурда экинчи унааны, артында келе жаткан Toyota Yaris

унаасы дагы келип сүзгөн. Натыйжада 6 адам жаракат алып Ош облустук ооруканасына кайрылышкан.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kgda
2018-08-12 18:02:49
Бешиктен башы чыкпай атып машина айдагандар кобойду, ошолордун айынан башка айдоочулар жабыркап атат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан