"Эч кандай баага сатылбайт". ПСЖ Килиан Мбаппени "Манчестер Юнайтедге" сатуудан баш тартты

Франциялык "Пари Сен-Жермен"(ПСЖ) клубу чабуулчусу Килиан Мбаппени англиялык "Манчестер Юнайтедге" сатуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, ПСЖ Мбаппе үчүн кандай сумма сунушталса да сатылбай тургандыгын айткан.

Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин эле "Манчестер Юнайтед" клубу ПСЖнын кеңсесине Мбаппени сатып алуу боюнча сунуш жиберген. Бирок француз клубу 19 жаштагы чемпионду берүүдөн баш тарткан.

Айрым маалыматтарга караганда, испаниялык "Реал Мадрид" клубу да аталган жаш оюнчуну сатып алуу ниетин билдирген. Бирок Мбаппе ПСЖдан кетүү планы жок экенин айткан.

Килиан Мбаппе өткөн сезондо ПСЖ менен 44 оюн өткөрүп, 21 гол киргизген. Быйыл болгон Дүйнө чемпиондугунда болсо Франциянын улуттук курама командасы менен биринчиликке жетишип, мыкты жаш оюнчу деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nemo2016
2018-08-12 18:17:34
Келечеги кээн футболист
+2
Aksy.24kg
2018-08-12 18:23:23
МЮ каягына алмак эле, АПЛде летний трансферний окно жабылган
-2
salimbek87.kg
2018-08-12 20:32:48
Жаш болсо да күчтүү оюнчу
+2
mirbek_kgz.1990
2018-08-13 03:51:34
Маурдун автобусунан ПСЖ да ойногону жакшы.Ливерпулга келсе анда сонун болмок
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан