Белгилүү эстрада ырчысы Роза Шакирова бүгүн, 12-августта 40 жашка чыкты. Ырчы айым борбор калаабыздагы кафелердин биринде туулган күнүн белгиледи. Анын жакшылыгын жакын туугандары, сахналаш достору Азиза, Гүланда, Айбек Карымов, Айгүл Чалова, актёр Арнис Кыдырмышев, Альбина Имашова тең бөлүштү.
Ырчы жакындары тарабынан көптөгөн белектерге ээ болуп, эң жакшы маанайда жүрдү.
"Апамды эң биринчилерден болуп куттуктадым. Кечинде саат 12:00дө уктоочу бөлмөсүнө барып, бетинен өптүм. Мен апама ден соолук каалайм!" - деп билдирди ырчынын уулу Руслан.
Кеченин коноктору шаңдуу музыканын коштоосунда бийлеп, ар кандай кызыктуу оюндарды ойношту.