Футбол боюнча Бразилия командасынын курамында дүйнөнүн 2 жолку чемпиону аталган Роналдо Ибицада ооруканага түштү. Бул тууралуу "Football Italia" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 41 жаштагы мурдагы футбол жылдызы 10-августта өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Дарыгерлер Роналдону медициналык кароодон өткөрүп анын өпкөсүнө суук тийгенин айтышкан. Азыркы тапта ал менчик медициналык мекемелердин биринде дарыланууда.
Роналдо (Роналду Луис Назариу ди Лима) көптөгөн уюмдардын, адистердин жана спортчулардын ою боюнча дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири.