Индонезияда өткөн футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун ирандык "Мес Сунгун" командасы жеңип алды.
Биринчиликтин финалында аталган клуб менен Вьетнамдын "Тай Сон Нам" командасы кез келген. Беттештин жүрүшүндө ирандыктар атаандашынын дарбазасына 4 гол киргизсе, вьетнамдыктар 2 гол менен жооп берди. Муну менен ирандык "Мес Сунгун" чемпиондукка ээ болду.
Аталган мелдеште 3-орунду Ливандын "Банк Бейрут" командасы ээледи, алар коло медалдар үчүн беттеште ирактын "Нафит Аль Васат" командасын 5:3 эсеби менен утуп алышты.
Эске салсак, бул Азия биринчилигине Кыргыз өлкөсүнөн Оштун "EREM" командасы катышкан. Алар тайпалык баскычта 2 беттеште жеңишке жетип, мелдештин чейрек финалында Ирандын "Мес Сунгун" командасы менен беттешкен. "EREM" жеңилүү ызасын тартып, жарым финалга өтпөй калган.