Футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы жаштар курамасы Казакстанда машыгууларды жүргүзүүдө

Футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы жаштар (U-19) Кыргыз курамасы Казакстанда машыгууларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Маалым болгондой, окуу-машыгуу 2019-жылы өтүүчү кыз-келиндер арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу раундуна даярдык катары Казакстандын Талгар шаарында өтүүдө. Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева курамга 20 футболчу чакырган. Алар Казакстанда 10-14-август күндөрү болуп, анын алкагында Казакстан курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган футболчулар:

Дарбазачылар: Айчүрөк Толонова, Дилнура Абибула кызы (СДЮШОР ЧО)

Коргоочулар: Баяна Келишова (Каракол), Сабина Абдыкулова, Сабина Конушбаева ("Илбирс"), Ширин Абдылдаева , Назик Кенжеалыева, Аяна Адыранова, Айгерим Шаргулова (СДЮШОР ЧО);

Жарым коргоочулар: Айтурган Аскар кызы ("Илбирс"), Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бактыгүл Токтоболотова, Айжана Боронбекова ("СДЮШОР ЧО"), Насибохон Анарбаева ("Майлу-Суу"), Адинай Дүйшөбаева ("Каракол"), Мунара Муратбекова;

Чабуулчулар: Аделя Эркинбаева ("СДЮШОР ЧО"), Үмүт Иялзова , Айпери Саскеева ("Каракол"), Анна Зародина ("СДЮШОР СИ").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан