Жайкы Азия оюндары: Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова катышат

Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 3 балбан катышат. Кыргыз курамга күрөш боюнча эл аралык даражадагы спорт чеберлери Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова кирди. Алар башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун баштоосунда күч сынашмакчы.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

62 килограммга чейинки салмак ченинде: Айсулуу Тыныбекова;

68 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова;

76 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы;

Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков;

Ага машыктыруучу: Байгазы Кенжебаев;

Машыктыруучу: Рахмадил Жуманазаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kenje-888
2018-08-13 16:53:36
Аллга кыргызымдын кыздары!!!
+1
Mirlan27011987
2018-08-13 18:10:00
Кана эмесе кыздар. Кыргыз жерин, элин даназалагылачы. Озунордун онорунор аркылуу кыргыз ким экенин коргозуп койгулачы. Силердей онорлуу спортсмендерге умут артабыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан