Ысык-Көлдө 4 өлкөнүн аскердик кызматкерлери арасында гиря көтөрүү боюнча эл аралык мелдеш аяктады

27-июнда “Тамга” аскер санаторийинде КМШга мүчө мамлекеттердин достук армиясынын гиря көтөрүү спорту боюнча эл аралык мелдеши болуп өттү. КРнын Коргоо министрлиги тарабынан уюшулган мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Украина мамлекеттеринен 40тан ашуун спортчу келип катышышты. Мелдеш 32 килограмм келген гиряны силкип көтөрүү жана жулкуп көтөрүү ыкмаларында 7 салмактык категорияда (63, 68, 73, 78, 85, 95, 105 килограммга чейинки жана 105 килограммдан жогорку) өткөрүлдү. Ага жалаң гана 4 өлкөнүн аскердик кызматкерлери катышышты. Мелдеште орусиялык спортчулардын артыкчылыгы аларга командалык эсепте биринчи орунду алып келди. Кыргызстан экинчи орунду ээлесе, 3-орунду Казакстандын спортчулары камсыздашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jooshbala
2013-06-29 19:38:48
Бүт эле орустар 1ди алып таштаптирго кысталак.Даага биз кыргыз р мактанып коебузда ,биз күчтүү кара кучбүз деп...
+2
PROS
2013-06-29 21:37:04
Орустарда спортко жакшы конул бурулат, 6 жашар баланын бир буту мектеп босогосун аттаса, экинчи буту спорт комплекстин босогосун аттайт. А бизде болсо мектеп жашынан тартып саясатка баш салабыз!
+3
zarlyk2211
2013-06-30 03:56:10
жаман эмес,азматсынар жигиттер!
+2
doni89
2013-06-30 04:00:15
Жакшы 2чини алыптыр ошого да ыразы боло берели биз деген Кыргызбызда ошого жакын калганда даяардаган болсо керек.
+1
MMA_1
2013-06-30 22:34:34
Канча жолу көтөрүшкөнүн да жазып койсонор жакшы болмок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан