Бишкек-Ош унаа жолунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча айдоочу 15 жылга эркинен ажыратылды

Бишкек-Ош унаа жолунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча унаанын айдоочусу 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындай маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов билдирди.

Ош шаардык соту 9-август күнү айыпталуучу Д.С.ны Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан документтерди, мөөрлөрдү жасоо, даярдоо же аларды пайдалануу) жана 281-берене (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу бир нече адамдын өлүмүнө алып келүүсү) менен айыптап, 15 жылга эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсүн белгилеген. Айыпталуучу сот залынан камакка алынган.

Эске салсак, 2017-жылдын 20-июлунда Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында жол кырсыгы болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен эки жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 3 адам оор жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MKW.MYRZAiYM
2018-08-14 11:19:55
Омурунун акырына чейин кылса болмок. 8 адамдын омурун алган
0
bek_tash
2018-08-14 20:36:39
MKW.MYRZAiYM, таш боор болбосоң тууган. Айдоочу деле атайын жазабагандыр аврияны. Аллах сабр, акыл-эс берсин баарыбызга.
0
Michelangelo
2018-08-14 11:52:29
350-беренеси (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан документтерди, мөөрлөрдү жасоо, даярдоо же аларды пайдалануу) неге бул берене? Патент жасаган бекен же
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан