ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: Бирде чыры менен, бирде кайрымдуулугу менен таң калтырган орусиялык рэпер Тимати 35 жашка чыкты

Бүгүн орусиялык рэпер, продюсер, актёр жана ишкер Тимати лакап аты менен кеңири таанымал болгон Тимур Юнусов 35 жашка чыкты. Ал 1983-жылы Москвада туулган.

Тимати 1998-жылы 14-15 жашында "VIP77" тобун негиздеген. 1999-жылы Децл менен иштешкен.

Тимати "Жылдыздар фабрикасы-4" телевизиондук сынагына катышкандан тарта тааныла баштаган. Бул сынактан кийин "Банда" тобун негиздеген. 2006-жылы алгачкы "Black Star" жеке альбому чыккан. Бул жылы ишкер "Black Star by TIMATI" спорттук кийимдердин коллекциясын алгачкы жолу сатыкка чыгарган.
2007-жылы "Жара" клубунда алгачкы жеке концертин тартуулаган.
2008-жылы DJ Smash менен биргеликте "Москва эч качан уктабайт", "Акылыңдан адашпа" Марио Уайнэнс менен "Түбөлүк" сыяктуу ырлары жарык көргөн. Ушул эле жылы ал "Весь мир против Тимати" ("Тимати Incide") мобилдик оюнунун каарманына айланган.
2014-жылы француз-канадалык боевик жанрындагы "13-й район: Кирпичные особняки" тасмасынын орусча версиясында Тремейндин үнүн коштогон. "Хочу к Меладзе" телешоусунда калыстар тобунун мүчөсү болгон.
Жеке өзү "Капсула" аталышындагы тасмасын көрөрмандарына тартуулаган. MC DONI менен биргеликте "Борода", ырчы Natan менен чогуу аткарган "Девочка Бомба" ыры, "Понты" ырынын клиби жарык көргөн.
2014-жылы Чечен өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.
2015-жылы ырчы Natan менен чогуу "Слышь, ты чё такая дерзкая?", Саша Чест менен "Мой лучший друг, это президент Путин" жана башка ырлары угармандарына тартууланган.
2016-жылы ырчы Павел Мурашов менен "Домой", "Рекорд Оркестр" тобу менен биргеликте "Баклажан" ыры жана клиби, Григорий Лепс менен "Дай мне уйти", "О последней любви на Земле", "А`Студио" тобу менен "Маленький Принц" ыры, ошондой эле Егор Крид экөө чогуу жаздырган "Где ты, где я", "Ключи от рая" ырларына клип тартылган.
2017-жылы Гуф менен бирге ырдаган "Поколение" аттуу ырын жана анын клибин ыр сүйүүчүлөргө тартуулаган.
2018-жылдын 30-май күнү рэпер Тимати Николай Басков, Яна Рудковская, Ольга Бузова, Григорий Лепс жана башкалар менен чогуу турмуш шарты оор адамдарга жардам берүү максатында кайрымдуулук долбооруна катышкан. Ал мындай иштерди байма-бай колдой турганын айтып, буга чейин кайрымдуулук иштери үчун унаасын да сатканын өз билдирүүлөрүндө кошумчалап келет.
Ушул жылдын 20-июндан 21-июнга караган түнү Тимати менен Егор Крид Тверь районундагы Большая Дмитровка көчөсүнө ак түстөгү жол тандабас менен келип, унаасын көчөнүн чок ортосуна токтотуп, музыканын дабышын катуу чыгарып, өздөрү унаанын үстүнө чыгып алып этикага туура келбеген сөздөр менен рэп окуган. Алардын түшүнүксүз жоругу көчөдөгү жол тыгынын пайда кылып, тургундардын тынчын алган. Коомдук эрежени сактабагандыгы үчүн эки ырчы аймактык тергөө бөлүмүнө чакырылган. Бирок ырчылар түшүндүрмө берүүгө барышкан эмес. Мындан улам Тверь РИИБи рэпер менен ырчыга карата кылмыш ишин козгогон.

Тверь райондук соту аларга 20 миң рублдан айып пул салган. Бирок Тимати күнөөсүн моюнуна алган эмес. Ал "Биз Тверь районундагы Большая Дмитровка көчөсүндө жол тыгынын пайда кылган жокпуз. Ошондой эле жашоочуларга эч кандай зыян келтирген эмеспиз. Тескерисинче, аларга жакшы маанай тартуулаганбыз", - деген өз сөзүндө. Ал эми Егор Крид сотко келген эмес. Мындан улам ырчыга карата козголгон кылмыш иши улантылууда.

Тимати Снуп Догг, Баста Раймс, Пи Дидди, Xzibit, Fat Joe, Ив, Крейг Дэвид, Тимбалэнд жана Flo Rida аттуу америкалык ырчылар менен биргеликте иштеген.

Жеке жашоосунда алгач Алёна Шишкова менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы Алиса аттуу кыздуу болушкан. Бул тууралуу рэпер 19-мартта социалдык тармактагы баракчасына "мына, менин да туягым улана баштады..." деп жарыялап, төрөт үйүнүн залынан түшкөн сүрөтүн жайгаштырган. Көп өтпөй экөө достук мамиледе калууну чечишкен. Учурда ырчы кызы Алиса менен тез-тез чогуу убакыт өткөрүп турат.

Ырчы 2015-жылдан тарта фотомодель Анастасия Решетова менен мамилеси жакшы экендиги айтылып, 2017-жылы экөө той көйнөгүн тандап жүргөндүгү да маалымдалган. Бирок ушул убакка чейин үлпөт той өткөрүшкөн эмес.

15-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан