Интернетке Өзбекстандын эрежесиз уруш боюнча чемпиону Жамшид Кенжаевдин бычакталган окуясы тартылган видео тарады. Окуя Өзбекстандын Ташкент шаарындагы түнкү клубдардын биринде 9-августка караган түнү болгон. Жергиликтүү ЖМКлардын өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына таянып жазганына караганда, 25 жаштагы чемпион клубка ашкана бычагы менен кирүүгө аракет кылганда клубдун күзөтчүлөрү менен чырдаша кеткен. Жыйынтыгында ортодо уруш чыгып, чемпиондун көкүрөк тушуна бычак сайылган. Ал дароо ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.
Клубдун сыртына коюлган камерадан Кенжаев менен мушташкан күзөтчүлөрдүн да бычактан жаракат алганын көрүүгө болот. Алар да ооруканага кайрылып, дарыгерлердин жардамын алышкан.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.