Ак-Суу районунда каналга түшүп кеткен 2 бала изделүүдө

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылында каналга түшүп кеткен 2 бала изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"14-август күнү саат 9:30дар чамасында каналга 8 жаштагы кыз жана 2 жаштагы бала түшүп кеткен. Издөө иштерине 7 куткаруучу, 31 Ички иштер министрлигинин кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылган. Каналдын суусу жабылып, издөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан