Кочкордо жол кырсыгына кабылган адамдарга жардам берип жаткандарды башка унаа сүзүп кетти

Нарын облусунун Кочкор районунда 2 адамдын өмүрүн алган 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Калыс Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 14-август күнү саат 15:00 чамасында Кочкор районунун Бишкек-Торугарт унаа жолунда бара жаткан Ауди үлгүсүндөгү унаа комбайнды сүзгөн. Кырсык катталган жерге Вольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа токтоп, анын ичиндеги жарандар кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп башташкан. Ал учурда Мерседес Бенц унаасы келип Аудини жана жардам көрсөтүп жаткан адамдардын бирин сүзгөн. Натыйжада жардам көрсөтүп жаткан адам жана Аудинин ичиндеги 1 жүргүнчү каза болгон. Ал эми жабыр тарткан 2 адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Istina1000
2018-08-15 11:41:01
Аудинин айдоочусун 20 жылга эле тыгып салыш кк
+7
Snikers18
2018-08-15 11:45:24
Көпчүлүк комбайн, тракторлордо жана прицептеринин артында, түндөсү күйгүзчүү кызыл жарыктары жок же иштебейт. Түнкүсүн ушул себептен артынан келкен машина байкабай, жол кырсыгы болуп жатат. ГАИ кызматкерлери ушундай жагдайларга көп көңүл бурушса экен!
-1
1Adilet1
2018-08-18 19:12:48
Snikers18,ку́ндуз болуптур бул окуя. Килейген комбойынды корбой козу корбу
0
femida86
2018-08-15 12:10:45
Мерседестин айдоочусу сволочь ко.
+5
Orozaly737373
2018-08-15 12:37:19
Эхх 2 минут ин ичинде болгонго мерс карап айдаса болмок
+3
Farra16gsin
2018-08-15 12:45:04
Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган турбайбы шоорду ай
+9
Romantik.
2018-08-15 14:07:26
Биздин өмүрүбүз кылдың учунда экен э?
Ошол өлгөн кишилер бүгүн мен өлүп калам деп ойлошкон эмес да
+5
Toktakunova22
2018-08-15 14:08:17
Ажал улук экенине дагы бир жолу ишендим. Ыйманы саламатта болсун, жакындарына сабыр.
+3
binur5
2018-08-15 14:23:27
Айланайын айдоочулар абайлагылачы !
+3
AKCAHAT
2018-08-15 15:03:26
Айдоочулардын денгээли Африка. Коруп туруп басып кеткенин жапайылар.
+3
take19
2018-08-15 15:14:21
Мерседестин айдоочусу эки адамдын өмүрүн алыптыр да. Акырын айдасаңар боло.
+2
BekAmir
2018-08-15 15:38:56
Анырандап айдаганда козун май басып
+2
Usow
2018-08-16 10:41:16
козун кайакта эле жунбаш
0
DNurgiza
2018-08-16 13:43:45
КЫрсык да
0
Kgda
2018-08-16 19:04:01
Негизи биринчи жардам авария болгон унаалардан 30 метрдей жерге уч бурчтук коюуу керек аварийный знак эгер андай знак жок болсо сумка же бир нерсе коюуу керек, анан жардам коргозуу керек, албетте мерседес да катуу келди кутуусуз болуп тормоз тепкенче эле койдуруп кетти. Аудинин багажын ачса эле ичинде сумка бар болсо керек элего.
0
Goodyer
2018-08-16 23:14:37
Мерстин айдоочусу козу айланган неме го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан