SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеокомпозициянын ордуна Айдин Шердин "Толкундайм" чыгармасы кошулду.
"Бул чыгарма ырчы Амир Аскаров аткара турган ыр болчу. Мен бул чыгарманы укканда аябай жагып калды. Анткени жубайыма болгон сезимдерим ушул чыгарманын саптарында катылгандай сезилди. Амир Аскаровго ушул ырды мага берүүсүн айтсам, дароо эле макул болуп, белек кылды. Бул ырдын клибин Ысык-Көлдөн тарттык. Клиптеги башкы каармандар жубайым экөөбүз болдук", - дейт ырчы.
8-АВГУСТТАН 15-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛБУРУҢУЗ
10-орун - Нурлан Насиптин "Мектебим" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орун - Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" клибине буюрган.
8-орунду - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасы камсыздаган.
7-орун - Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" клиби эки баскычка төмөндөгөн.
6-орун - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" ырына буюрган.
5-орунду - Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" видеоклиби ээлеген.
4-орунду - Айдана Деканын "Жигитке" чыгармасы камсыздаган.
3-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Съездбек Искеналиевдин "Кызгалдак" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орун - 60`К тобу, Айя Садырованын аткаруусундагы "Келчи гүлүм" видеокомпозициясына буюрган.
1-орун - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.