Бүгүн, 15-августта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган XII эл аралык айтышка төкмөлөрдү тандоо туру өтүүдө .
Айтышка жалпы 32 төкмө катталып, 16 жупка бөлүндү. Акындардын өнөрүнө Күмөндөр Абылов, Садык Алахан, Рыспай Исаков, Кыялбек Урманбетов баш болгон калыстар тобу назар салууда. Ар бир жупка өз дареметин көрсөтүүгө 10 мүнөт убакыт берилди.
Тандоо турунан өткөн 8 кыргыз акыны Казакстандан келген 8 акын менен айтыш курат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулууда.