Лондондо айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Полиция муну теракт деп эсептөөдө

Улуу Британиянын Лондон шаарында айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-август күнү болжол менен саат 07:37 чамаларында Лондондун Вестминстер хан сарайынын аймагында Форд Фиеста үлгүсүндөгү унаа топтолуп турган жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Айдоочуну полиция кызматкерлери камакка алып, алдын ала айтуулары боюнча теракт версиясын кароодо. Бирок алар шектүүнүн жанында эч кандай жардыруучу жана ок атуучу заттарды тапкан эмес.

Чет элдик басылмалар жазып чыккандай, кылмышка шектүү 29 жаштагы Судан өлкөсүнөн келген Салих Хатер болгон. Ал Лондон шаарына түн жарымында келип, таң атканга чейин унаа башкарып келгени айтылууда.

Лондондо айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан