Сот интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн студиянын жетекчисине 30 миң сом айып салды

Интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн студиянын жетекчисине 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан билдиришти.

"Соттолуучу А.Д.Ч. мыйзамсыз түрдө порнографиялык маанайдагы видеолорду тарткандыгы үчүн айып тагылып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу чечими менен үй камагына чыгарылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө айыпталуучу өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүүчү студия ачып, ал жакта жаш кыздарды иштетип жүргөндүгү аныкталган.

Мындан сырткары студиядан бир нече компьютер, интимдик буюмдар жана видео материалдар табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында табылган видеолордун сюжетинде эч кандай илимий же көркөм баалуулуктар жок экендиги жана бир гана порнографиялык маанайда экендиги аныкталды.

Айыпталуучу А.Д.Ч. кылмышын толугу менен моюнуна алып, жасаган иштери үчүн өкүнүп жаткандыгын билдирип, соттон жазасын жеңилдетүүнү суранды. Мунун негизинде сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, мамлекеттик казынага 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын өндүрүү чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында Бишкекте интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн 30 кыз иштеген студиянын жетекчиси кармалган. Кармалган кыздар түшүнүк каттын негизинде коё берилип, жетекчисине кылмыш иши козголгон. 8-майда студиянын жетекчиси да өлкөдөн чыкпоо чечими менен бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nuriyaeljan
2018-08-15 16:44:32
30000минда жазабы? Тооба. Минден алса отуз кыздан толонот экенда. Кайра иштей бер деген соз!
+11
RUSLAN.KG
2018-08-15 16:50:07
30 миңди ал бала бир саатта эле таап коёт. А.Д. Ч. деген бул ырчы Ажиев Даниэль ( Мино). Уже үч-төрт вебстудия ачып койгон. Баягы эле жапжаш студент кыздар , балдар вебкам модель болуп жылаңач денелерин көргөзүп, кардарлар эмнени кааласа ошону жазап, баардык дүйнө жүзүндөгү кардаларын тейлөөдө. Эч нерсе өзгөргөн жок. Мент крышаларына эле бир аз көбүрөөк акча отметка төлөгөнү болбосо...
+8
CEO1
2018-08-15 17:08:15
Мен бул саткын сотторго тан калып бутпой койдум да...30 мин сом айып салып кое бергени, бешенесинен сылап кое бергендей эле болуп калыптыр... Болбосо ошого тиешеси барлардын ар бирин 20 жылдан жогору камап салса болот го, атууга окум кылбаса да...

Ээ Соке, сотторунду кара, ушулбу сенин олкодо адилеттуулук орнотконун?!!

Жашоо бумеранг, эртен эле сенин урпактарын сойку болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошого ушуга окшогон ыпластык менен курошсон болбойбу
+6
fora
2018-08-15 18:10:24
Олум жазага салып олтурот эле башка закон иштеген жерде болсо бир кызды 1000 сомдон сатыптырда биздин соттор
0
arena2014
2018-08-16 09:11:29
Соттун чонтогуно 300 000 тушкондон кийинки сумма болсо керек бул. Коррупция менен курош кана анда?
+1
pomposh
2018-08-16 14:10:54
30 000 мин сом аз да бул эмнедеген жаза тобоо кылдым. Качан онолобуз биз. Башынан сылап эле кетирип жибериптир да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан