Кыйноолордун алдын алуу борборуна "Инимди милиция кызматкерлери сабап, ал комада жатат" деген арыз түштү

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө М.Ташмурзаева аттуу тургундан арыз келип түшкөн. Ташмурзаева өзүнүн арызында иниси "А.Ташмурзаевди Кадамжай райондук милиция кызматкерлери сабаган" деп жазган. Мындай маалыматты бүгүн, 15-августта аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, арыз жазылган учурда А.Ташмурзаев Айдаркен шаардык ооруканасында комада жаткан. Экспертизадан жабырлануучунун баш мээси чайкалып, мурду менен колу сынганы аныкталган. Ташмурзаев сабалган учурда мас абалда болгон. Ага ооруканада колуна операция жасалгандан кийин комага түшкөн.

"Борбордун өкүлчүлүгү тарабынан бул факт боюнча тиешелүү кайрылуулар прокуратура органдарына жөнөтүлгөн. Териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) менен кылмыш иши козголуп, ишти УКМКнын Баткендеги башкармалыгы карап жатат.

Ташмурзаев эмнеден улам комага түшкөнүн тергөө иштери иликтейт", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы арызда сабады делген милициялардын аты-жөнү көрсөтүлбөгөнүн, тергөө иштеринин жыйынтыгы гана иштин чоо-жайын аныктай турганын билдирди.

"Азыр иш УКМКда каралып жатат. Тергөө аяктай элек. Бирок айрым маалыматтар боюнча, Ташмурзаев ооруканага 3 жолу келген. Биринчи жолу келгенде колуна гипс салып жөнөтүшкөн, кийин ооруп кайра келген. Ошентип колуна операция жасалган, андан кийин комага түшкөн.

Ал эми "милиция сабады" деп айтууга азыр эрте, бул эжесинин арызында гана жазылган. Ал ооруканага өзү басып келген экен, эмнеден улам комага түшкөнү тергөөдөн кийин билинет. Биз бул боюнча маалыматтарды дагы толуктайбыз", - дейт маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek_tash
2018-08-15 20:42:16
Ээх! Ушул арактын эмнесин ичесинер? Көк чай кылып, жат үйдө.
+4
Farra16gsin
2018-08-15 21:44:00
Эсине келсе айтып берээр сакайып кетсин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан