АКШнын Чикаго шаарында 2 учак сүзүштү. Окуядан эч ким жаракат алган эмес

АКШнын Чикаго шаарындагы О`Хара эл аралык аэропортунда "United Airlines" компаниясынын 2 учагы сүзүштү. Бул тууралуу АКШнын жарандык авиация башкармалыгынын билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, учактардын бири С30 чыгуу жеринен жүрүп бара жаткан маалда С28де токтоп турган учакты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен эки учактын тең сол канаттары сынган. Аэропорт өкүлдөрү бул окуяда эч ким жабыр тартпаганын билдиришкен.

Ал эми Портленд шаарына багыт алган биринчи учактын жүргүнчүлөрү башка учак менен аталган дарекке жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан