Волейбол боюнча Кыргыз курама командасы Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алдында алгачкы машыгууларын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.
Кыргыздын волейбол боюнча курама командасы азыркы тапта Жакарта шаарында Азия оюндарынын башталышына даярданууда. Кечээ, 15-августта Кыргыз волейболчулары алгачкы машыгууларын өткөрүштү.
Эске салсак, Кыргыз курама командасы чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасына туш келип, Сауд Арабия, Индонезия курамалары менен беттешет. Алгачкы беттешин Кыргыз волейболчулар 20-августта сауд арабиялык спортчуларга каршы өткөрүшөт.