Ошто Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"14-август күнү саат 22:13 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 1980-жылы туулган Ю.А. аттуу жаран түшүп кеткен. 15-август күнү издөө иштерине жалпы 14 куткаруучу тартылып, жыйынтык чыккан эмес. Издөө иштери бүгүн, 16-августта да улантылып, эртең мененки саат 09:20да Папан суу сактагычынан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.