Ош облусунун Өзгөн районунда жүк ташыган унаа оодарылып, 21 жаштагы жаран каза болду. Мындай маалыматты бүгүн, 16-августта Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Жол кырсыгы, 16-августка караган түнү 01:10 чамасында Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында катталган.
"Дөң-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну А.Н. Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташыган унаасын Мырзаке айылы тарапты көздөй башкарып бара жаткан. Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 17-чакырымына жеткенде айдоочу башкаруусун жоготуп, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан 21 жаштагы Мырзаке айылынын тургуну Д.А. окуя болгон жерден каза болгон. Ошондой эле 17,18,19 жаштардагы жүргүнчүлөр денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочунун абалы канаттандырарлык. Кырсык боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди маалымат катчы.