"Альянс Курулуш" ишканасынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

Борбордогу "Альянс курулуш" компаниясынын жетекчиси Максим Альянов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-августта билдирди.

"Максим Альянов 14-августта кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда Октябрь райондук соту баш коргоо чарасын карап жатат", - деди маалымат катчы.

Анда белгиленгендей, "Альянс Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчисине мүлк сатып алуу үчүн акча берип, алданып калдык деп тургундар бир нече жолу арызданышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tnz
2018-08-16 17:06:09
Карапайым элди алдап сатып уйлорду бербей койгону туура эмес кайсыл жерде карапайым эл кыйналганы болбойт буга окшогон курулуштарга Жээнбеков чара корот деген ойдомун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан