Өзбекстандын эрежесиз уруш боюнча чемпиону Жамшид Кенжаевди бычактаган түнкү клубдун күзөтчүлөрү 15 күнгө абак жазасына тартылды

Өзбекстандын эрежесиз уруш боюнча чемпиону Жамшид Кенжаевди бычактаган түнкү клубдун күзөтчүлөрүнө административдик айып тагылып, 15 күнгө камалат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

"Түнкү клубдун 3 кызматкерине "өз ыйгарым укуктарын ашыкча колдонгон" деген айып тагылып, 15 күнгө камакка алынып, 23 доллар өлчөмүндөгү айып пул салуу тууралуу өкүм чыкты. Мындай чечимди Ташкент шаардык соту чыгарды. Азыркы учурда айыпталуучулардын бири абакта болсо, калган экөө ооруканада дарыланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, интернетке Өзбекстандын эрежесиз уруш боюнча чемпиону Жамшид Кенжаевдин бычакталган окуясы тартылган видео тараган. Окуя Өзбекстандын Ташкент шаарындагы түнкү клубдардын биринде 9-августка караган түнү болгон. Жергиликтүү ЖМКлардын өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына таянып жазганына караганда, 25 жаштагы чемпион клубга ашкана бычагы менен кирүүгө аракет кылганда клубдун күзөтчүлөрү менен чырдаша кеткен. Жыйынтыгында ортодо уруш чыгып, чемпиондун көкүрөк тушуна бычак сайылган. Ал дароо ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ali-han
2018-08-17 00:24:23
Ошондо сайып өлтүргөн адам 15 суткага эле кармалып чыгабы?
+10
CEO1
2018-08-17 00:29:24
Озбекистандын сотторуна да биздин соттордон жуккан окшойт... Адам олтургон кузотчулор болгону 15 сутка камалса...

Кеминде 5 жылга камаш керек эле, кеминде, болбосо 15 жылга...
+5
taalay25
2018-08-17 02:20:28
CEO1,алар коргонгон озун
+1
CEO1
2018-08-17 04:12:49
taalay25, сен видеосун коруп чыкчы, коргонуу алгачкы 10-20 секунд, ага да жетпейт. Калган убактысында жестоко побоище, башы-козуно тепкилешип, дубинка менен сабап, айтор только токмоктошкон. Акыры ал да аздай бычак сайышты корунот...

Кузотчулорго мынчалык мыкаачылык менен адам уруу укугун эч ким берген эмес...
+4
taalay25
2018-08-17 12:55:48
CEO1,ооа охранниктин урууга акысы жок, жон гана полицияны чакырып колуна салып беруу гана милдети.
0
zevs
2018-08-17 00:37:43
chempion dagy bychak menen kirebi.
+1
Kgda
2018-08-17 00:38:30
Чемпион жон эле келсе болмок экен урушпай эле бычаксыз, ишенбей турам чемпион бычак менен жургонуно.
+2
pixduel1
2018-08-17 01:29:27
Чемпион,спорт чебери болсо ал спортто гана!Озуно коп ишенген чала спортсмендер мындай катага барат,муну жашоо деп коет.Спортто мин кыйын болсон да жашоодо бир бычакчан адам жон эле жайлап салат.Мындай жерде кызууга алдырбай башты иштетиш керек.Болбогон нерсеге омуру менен коштошту(не стоит)албетте.Эмне дейбиз жайы жаннатта болсун...
+2
bond02
2018-08-17 02:16:03
Азыр дуйнонун он жолку чемпиону болсон да коркуп журушун керек, азыр адамдарда сабыр деген азыраак жинине тийсен бир ок же бир шилтем бычак, жоксун ошол бойдон.
+2
bibi87
2018-08-17 02:20:20
Он беш кунго убактылуу камалды. Ушул окуядан кийин тунку клуб кафе дегендер саат 11ге чейин иштей турган болуп калды Ташкентте. Бул спортчунун балдары, аялы бар экен. Ал эми тунку клуб деген тунку клуб. Уй булоолу болуп туруп, андай жерлерге эмне бар, ещё бычак менен?
+3
Zidan2
2018-08-17 10:57:55
Мен тан калдым Бир клубда 10 дон ашык охрана болушуна. Экинчиден бычакты биринчи болуп охрана шилтеди. Бул жерде Бир иш бар . Спортчунун олуму керек болгонго. Достору деле жок болуп кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан