Чүйдө үйүнөн чыгып кетип кайтып келбеген эки өспүрүм кыз изделип жатат

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан үйүнөн чыгып кетип кайтып келбеген эки өспүрүм кыз изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

15 жаштагы Бегимай Ахматалиева Ак-Тилек конушунда жайгашкан үйүнөн 4-август күнү чыгып, азыркы күнгө чейин кайтып келген эмес. Бою 160-165 сантиметр, чачы узун. Ак футболка, кара түстөгү жынсы шым жана кара түстөгү кеда кийген.

13 жаштагы Аземгүл Койлубаева да ошол эле конушта жашайт. Ал да 4-август күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз. Бою 160-165 сантиметр, чачы далысына чейинки узундукта, жүзүнүн сол тарабында меңи бар. Күлгүн түстөгү футболка, кара түстөгү жынсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн.

Өспүрүм кыздарды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 36-35-27, 0 (550) 51-09-05, 0 (700) 20-96-66 же 102 номерине чалсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
salimbek87.kg
2018-08-17 09:27:45
Ылайым эсен аман табылып калсын
+1
Respect.
2018-08-17 09:58:46
Оштон издегиле, Оштон чыккан кыздар Бишкектен табылып жатат го
+3
CEO1
2018-08-17 09:59:36
Оштон же Колдон издеп коргуло...

Азыр Бишкектиктер Оштон, Оштуктар Бишкектен табылып жатат, 2 ай шаар айланып журо беришет экен табылгыча, тушунбойсун...

Анан оздору эки жакка айтпай кетип калган кыздардын озундо жана ата-энесинде куноо, жакшы тарбия бере алышпаган. Жакшы тарбия корсо уйундогулорго айтпай ким бироолор менен белгисиз жактарда журушот беле.....
+1
Asyl.jazi
2018-08-17 10:45:24
Тооба акчаны кайдан алып, кантип курсак тойгозушуп жүрөт? Ата-энесини ойлобогондор
+5
Samar90
2018-08-17 12:10:51
Сейилдеп журсо керекта табылып калсын еми
+1
monster_high_98
2018-08-17 14:58:23
Ата-энени ойлош деле жок экен да тоба
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан