Боливиянын Ла-Пас шаарында кичи автобус бийчилердин тобун сүзүп, 7 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кичи автобустун техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам келип чыккан. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Белгилүү болгондой, бийчилердин тобу сынакка даярданып жатышкан. 7 бийчинин көз жумганына карабай фестивалдын уюштуруучулары сынакты токтоткон эмес. Алардын айтымында, фестивалды үзгүлтүккө учуратуу көптөгөн чыгымдарды алып келмек.