Кара-Суудагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 4 адамдын абалы оор

Кара-Суу районунда 2 унаа сүзүшүп анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 4 адам оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

"Кырсык 17-августка караган түнү Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолундагы Нариман айылдык аймагында болгон. Анда Дэу Ланос үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып кетип, каршылаш келе жаткан Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Дэу Ланос унаасынын айдоочусу 28 жаштагы С.Т. жана жүргүнчүсү 24 жаштагы А.Б. кырсык болгон жерде каза болуп, 23-24 жана 25-жаштагы жүргүнчүлөрү жана Хонда Аккорддун айдоочусу Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Бул окуянын негизинде Кара-Суу райондук ИИБи тарабынан экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
wirintai27
2018-08-17 20:08:55
Оо айланайындар 1саат кеч барасынар акырын эле айдагылачы.Аман калгандарды омурун берсин эми
+5
BoDiNur
2018-08-17 20:45:12
Апаат
0
Benazir08
2018-08-17 20:59:10
Калганы айыгып кетсин эми кудай ааай
+1
asash
2018-08-18 00:06:27
Вай вай, жаман иш болуптур,кайран омурлор, опкон колуна кармабай акырын айдаш керек да, тем более жол тегиз, куугум кирген мезгил экен, отто этият болуш керек.конул айтабыз каза болгон жарандардын баардык жакындарына, ким куноолу болсо жазасын алыш керек .
+1
Sahka
2018-08-18 01:48:16
Жол жаман деп эл наалыйт, жолду ондосо жанын жеп айдашат. Кыргызстанда машина айдагандан корко турган болуп калды го. Качан каягынан келип кагып кетет экен деп
+1
binur5
2018-08-18 08:34:34
Айланайын айдоочулар силер оз омурунорду жанынардагы жургунчулордун омуруурун ойлосонор шашпай айдаганга аракет кылсак ушундай кырсыктар азырак болмок
+1
Miroslav
2018-08-18 11:41:38
Ушундай аврия тууралу кабарды чыгарбай эле койсо болбойбу?же кыргыз элине даназалаш керекби адам омуру кыйылып жаткандыгы тууралу?
0
jumaev0084
2018-08-19 04:09:29
Ош Сары Таш жолу наримандан башталбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан