Сузакта 2 миң 500 долларга Кыргыз паспортун сатып алган Өзбек жараны кармалды

Сузакта 2 миң 500 долларга Кыргыз паспортун сатып алган Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук ички иштер бөлүмүнүн Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте жүргүзгөн оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгында жасалма паспорт менен жүргөн 1991-жылы төрөлгөн А.К. аттуу жаранды кармашкан. Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 1-январында А.К. Айнура аттуу кызматкерге Кыргыз өлкөсүнүн ID жана жалпы жарандык паспортун алуу үчүн 2 миң 500 доллар берген. Көп өтпөй ал паспортторду колуна алган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документтерди жасоо, жайылтуу жана колдонуу) менен кылмыш иши козголгон. Жасалма документ менен кармалган Өзбек жараны Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аны менен бирге паспорт берген тарап боюнча да тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
nemo2016
2018-08-17 19:06:33
Аттин ай Кыргыз паспортун кор кылган намысы жок жэмкорлор
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-08-17 20:46:47
Паспорт бергендерди катуу жазага тартуу керек акмактарды.
+4
toktor89
2018-08-17 21:12:35
Сат сат сааат
+1
Sezim.A
2018-08-17 21:38:30
Наалат силерге каргыш тийсин !!!
+4
nargiza1986
2018-08-17 21:39:16
Озбекти эмес паспорт столдо отургандарды кармап,штраф салыш керек
+4
salimbek87.kg
2018-08-17 21:50:43
Бир сөз жаза кетейин биз ушул кетиш болсо бир туңгуюкка барып кадалабыз
келечек барбы өзү кыргызстанда айтсам ким кандай ойлойт билбедим
бизге деген Садыр Жапаров Адахан Мадумаров окшогон башчы келбесе келечек кандай болот билбедим коррупция менен чындап күрөшүп жатабыз дейт кайда дейсин коррупцияга белибизден батып калганбыз
+3
Jigitchem
2018-08-17 23:25:38
salimbek87.kg,тунгуюка такалбаганда небиз калды
+2
patiydin
2018-08-17 21:52:02
Бир окудум эле футболкага озунун мамлекетинин гербин басып берчи жайда
0
BekAmir
2018-08-17 21:57:38
Мындайлар ото коп болсо керек
+1
kadyr
2018-08-17 23:17:33
98 паспортко шарттуу берилсе 1 паспортко ойлонбой эле коюш керек
+2
asash
2018-08-18 00:15:40
Мына сага, кичине намыс деген барбы, бул чыккынчылык, бул берген орган Кыргыз мамлекетине чыккынчылык жасап койду, муну бизге олум жазасын менен барабар кылышыбыз керек, уят, бул маданияты томон манкурт адамдар бийликте отурат, хотя бы ошол адам кылган нерсесин эстеп жатты бекен, кокурогундо намысы жок, болгондо ал нерсе уктатпай койсо керек эле, малга окшоп жегенден кийин унутуп калды да
0
Gulnyr19
2018-08-18 04:13:07
Эки жума болду бир өзбек келин 10миң рублга кыргыз паспортун сатып алыптыр
0
Nora
2018-08-18 07:46:23
Jalabad shaarynda dele ushundai ele okuya boluptur, al ozbek turmodon kachkan adam eken dep atyshat, azyr emmi posport stoldun jetekchileri sot astynda joopko tartylyp, chontoktoru kaktalyp atkan chagy dep uktum, oshol jetikchi men taanygan ele adamdar bolup chykty, karyzga akcha izdep atyptyr, chtoby sottordun oozun jabysh uchun.
0
Totyua.71.
2018-08-18 08:02:19
Коррупцияга каршы күрөшүү оңой эмес,тамырлашып калган.....
0
nur007mir009kg
2018-08-18 08:51:24
Ошол өзбекке паспорт жасап берген адамды камаш керек!.
Россияда өзбек, тажиктер кыргыз паспорт жана айдоочулук күбөлүктөрү да кыргызтандыкын алышып иштеп жүрүшөт. Кылмыш кылса же жол эрежесин бузса орустар жаңылыктан кыргызстандын жараны деп айтышат. Көрсөң ал кыргыз эмес сакалы сапсайган өзбек же тажик. Бирок паспорту кыргыз алар кыргыз деп айтышат да.
Аа биздикилер ал кыргызстандын жарандыгын алган өзбек же тажик деп чычалайт.
0
bekub1473kg
2018-08-18 11:04:22
Мен коп озбектерди кордум масквада кыргыз паспорт мн жургонун патент толобойбуз дейт уят силерге намысы жоктор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан