Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында каналга түшүп кеткен 24 жаштагы тургун 2 күндөн бери изделүүдө

Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында Быстроток каналына түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү саат 10:40 чамасында Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 1994-жылы туулган Ш.уулу.К. аттуу тургун түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары, №27-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок табылган эмес.

Бүгүн, 17-август күнү да издөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2018-08-17 21:24:51
Ууф не кылдын артынды ойлобой, эх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан