"Альянс Курулуш" ишканасынын директору Максим Альянов 2 айга камакка алынды

"Алдамчылыкка" шектелип кармалган "Альянс Курулуш" ишканасынын директору Максим Альянов 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына шаар тургундары кайрылып, алдоо жолу менен алардын ири суммадагы акчасын өздөрүнө өткөрүп алгандарга карата чара көрүүнү айтышкан.

Арыздануучу 2015-жылы 34 миң АКШ долларына турак жайды куруу боюнча келишим түзүлгөндөн кийин 2018-жылдын март айында курулуш компаниясынын жетекчилиги батирди үчүнчү жактарга сатып жибергендигин билдирген. Дагы бир жаран жогорудагы курулуш компаниясы 2017-жылдын декабрь айында 31 миң долларга келишим түзүлгөнүнө карабастан, анда көрсөтүлгөн милдеттерин аткарбаганын айткан.

2018-жылдын 9-августунда Октярь РИИБи тарабынан "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 15-августта Казакстандын жараны Максим Альянов кармалган. 16-августта анын баш коргоо чарасы каралып 2 айга тергөө абагына камакка алынды. Максим Альянов буга чейин "өз билемдик" боюнча кылмыш жообуна тартылган. Жогоруда аталган жарандын иш-аракеттеринен материалдык жактан жабыркагандар болсо 0551 102 106, 0551 60 30 30, 0553 88 88 85 же "102" номерине кайрылышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdah
2018-08-17 19:30:57
Кудай сактаган экен мени да, келишим түзүп, үй алайын деп акчам жетпей калган эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан