30-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Балыкчы - Бөкөмбаев - Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсык болжол менен саат 20:30да болгон. Ваз-2106 жана Даймлер-Бенц үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын тургуну, 1961-жылы туулган Ж. Тотуев каза болуп, 4 адам ар кандай жаракат менен Каракол шаарындагы облустук ооруканага жаткырылган.