Санкт-Петербург шаарында мурда зордукталып, 3-кабаттан ыргытылган кызды ооруканадан уурдап кеткен кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
"4-августта 19 жаштан 25 жашка чейинки 4 адам мейманканада 25 жаштагы кызды зордуктап, 3-кабаттан ыргытып жиберишкен. Бул окуяга шектелип өзбек улутундагы 4 жаран кармалып, жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
7-август күнү тажик улутундагы киши жана 2 өзбек улутундагы кыз ооруканада жаткан кызды уурдап кетишкен. Кыздардын бири зордуктоого шектелгендердин биринин тууганы болгон. Алар жабырлануучуну батирде камап, коркутуу жолу менен полицияга берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартууга мажбурлашкан.
Учурда бул факты боюнча "адам уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн баары абакка киргизилген. Ал эми жабырлануучу ооруканага жаткырылды", - деп жазылат маалыматта.