Видео тасма аркылуу эл алдында президент Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген билдирүүлөрдү тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу 18-августта ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
17-августта социалдык түйүндөрдө 25-30 жаштар чамасындагы Улан аттуу жаран президент Сооронбай Жээнбековдун жана башка өлкөлөрдүн президенттеринин дарегине видео тасма аркылуу акарат сөздөрдү айтып, эл алдында анын аброюна шек келтирген билдирүүлөрдү тараткан. Ошондой эле ал өлкөнүн жетекчилигинен баңгизаттарды таратууга уруксат берүүнү талап кылган.
Бул боюнча ИИМ жана УКМК кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 17-август күнү саат 10:00 чамаларында Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы эс алуучу жайынан Бишкек шаарынын 28 жаштагы Улан Азис уулу аттуу тургуну кармалды.
"Учурда Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Аны жеке кароо учурунда 20 граммга чукул баңгизат алынды. Уландын ата-энесинин айтымында, ал башынан жаракат алып, ооруп жүргөн жана психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандыгын да билдиришкен.
Аталган факт боюнча Ысык Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен иш козголуп, (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) тиешелүү ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүүдө. Учурда анын экинчи шеригин аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти ИИМден.