Бишкектеги "Таалай" базарында чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы "Таалай" базарында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган базарда жайгашкан "Лагман борборунун" ашканасынын 30 чарчы метр аянты күйгөн. Өрт чектөөгө алынгандан кийин 20 мүнөттүн ичинде өчүрүлгөн. Өрттөн жабыркагандар жок.

Айта кетсек, бүгүн Чүй кең көчөсү менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Таалай" базарында жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан