"Музаман" триосунун солисти Тариэл Токмергенов бойдокчулук менен коштошту

Бүгүн, 18-августта "Музаман" тобунун солисти Тариэл Токмергенов бойдокчулук менен коштошуп, Токмок шаарындагы тойканалардын биринде үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдү. Жаш жубайларды меймандардын алдына "Жар-Жар" ыры менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекова коштоп алып кирди.
Эки жаштын тоюна маданият өкүлдөрүнөн Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Назым Мендебаиров, "Дем" театрынын актёру Эркин Эгемдердиев, ырчы Ишен Назаров, Тима Мукашов жана башка жакын санаалаштары келишкен.
Ири экрандан эки жаштын "сүйүү тарыхы" көрсөтүлүп, андан соң жакын достору флешмоб тартуулашты.
Тойдун өзгөчөлүгү катары конокторго лотерея ойнотулганын белгилесек болот.
Той ээлери келген конокторго актай барактарды таратып, телефон номерлерин жаздырып, атайын лототронго салдырышты. Лототронду айлантып, номери чыккандарга баалуу белектер ыйгарылды.

Тариэл Токмергенов апасына таазим этип, Ишен Назаровдун "Апакем" аттуу чыгармасын аткарды.
Тариэл мырзанын сүйүктүүсү Сырга Куандык кызы да маданият чөйрөсүнөн алыс эмес. Анын кесиби режиссёр, аниматор. Тариэл Токмергенов сүйүктүүсү Сырганын жүрөгүн багынтуу үчүн артынан эки ай чуркаганын, бир көргөндө эле сүйүү сезими пайда болду деген ырчы жубайынын күлгөнү менен чачын дайыма түйүп жүргөнүн жактырганын айтат. Эки жаш үйлөнүү тою үчүн атайын бүгүнкү 18.08.2018 кооз цифралардан турган датаны тандап алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bikusim
2018-08-19 02:46:35
Бактылуу болушсун. Музаман группасын жакшы кором. Азаматсыздар.
+3
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2018-08-19 07:09:27
Бактылуу болуңуз Тариел байке
+1
kaktys
2018-08-19 09:56:06
бактылуу болушсун
+1
Umakg
2018-08-19 14:00:06
Адаш экенбиз бактылуу бол доске
+1
Kumarchik
2018-08-20 09:29:51
Дадагана болуп эле кетейин деп эркелетип жур ар дайым бактылуу бол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан