Президенттин кубогу үчүн көк бөрү оюнуна канча команда катыша турганы белгилүү болду

Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери жана дене тарбия спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Оюн 24-30-август күндөрү Бишкек шаарынын "Ак-Кула" ат майданында өтөт. Ошондой эле көк бөрү оюнунан сырткары 6 түрдүү ат оюндары болот. Алар: ат чабыш (20 чакырым), тай чабыш (5 чакырым), кунан чабыш (11 чакырым), жорго салыш (9 чакырым) жана кунан жорго (5 чакырым) ал эми бышты чабыш (7 чакырым) болмокчу.

Ал эми көк бөрү оюнуна Кыргыз өлкөсүнөн чыккан командалар ойнойт.

1.Келечек

2.Арашан

3.Четинди

4.Төш булак

5.Бакубат Талас

6.Сынташ

7.Алыкул

8.Бакай-Ата

9.Сокулук

10.Көк-Жал

11.Толкун

12.Сары Өзөн "Рассвет"

Көк бөрү боюнча финалдык оюн 30-август күнү өтүп жеңүүчүлөр аныкталат. Оюнду Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция, Көк бөрү жана Аргымак федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Эске салсак, жыл сайын көк бөрү боюнча президенттин кубогу ойнотулуп келет.

 

 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2018-08-19 14:51:17
Талас чемпион болсо экен
-3
Nargiza1987k
2018-08-19 15:36:15
Оштун командасы жокпу Достук беле
+4
elzar0606
2018-08-19 16:47:50
Достук менен Ынтымык ойнобойт,алар кочмондор оюндарына даярданып жатышат экен.
+5
patiydin
2018-08-19 20:40:31
Доступ менен Ынтымакты деле кошуп койсо болмок! Тренировка болот эле.
0
talant87
2018-08-20 00:07:07
Аларды кырчыр жайлоосу кутуп жатат кочмондор оюну
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан